ЖАМУНУН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ «ЖООКЕРЛЕРГЕ ТААЗИМ» АТТУУ ИШ ЧАРА ӨТТҮ
Feb 24, 2022 543
Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинде 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата «Жоокерлерге таазим» аталышында майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу колледждин мамлекеттик тил жана тарбия иштер боюнча директордун орун басары Гулнар Темирбаева билдирди. Анын айтымында иш-чара окуу жайдын жаштар комитети менен биргеликте уюштурулган. Ал эми, колледждин фармация, акушердик иш, дарылоо-иш адистигинин 2-курсунун таланттуу студент кыздары тарабынан мырзалар үчүн концерттик программа тартууланып, белектер берилген.