AVN

ЖАМУДА МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ЖАМУДА МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
 Feb 23, 2022  689

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде эмгектенген  эжейлер 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата «Айымдардан ыр белек» аттуу майрамдык концертин туртуулашты.

Майрамга арналган иш-чарага окуу жайдын ректору тех. и. д., профессор Кеңешбек Усенов баш болгон прфессордук  окутуучулук курам жана кызматкерлер катышышты. Анда ректор, - «Мурда бул күн Советтик армиянын жана аскер деңиз флотунун күнү деп белгиленип келген. Өлкөбүз эгемендик алган жылдан тартып Ата-Мекенди коргоочулар күнү катары майрамдалып келет. Бул майрам келечек муундарды мекенчилдикке тарбиялоодо зор күчкө ээ. Менин түшүнүгүмдө Ата-Мекенди коргоочу - бул бир гана аскер кийимин кийген жоокерлер эмес. Бул-өлкөбүздүн эканомикасына, элибиздин саламаттыгына, келечек муундардын татыктуу билим алуусуна, маданиятыбыздын өсүп өнүгүүсүнө эмгегин арнаган ар бир жаран. Андыктан дагы бир ирет  мекен үчүн чын дили менен кызмат кылып жаткан баардык мекендештеримди, кесиптештеримди, агай-эжейлерди, профессордук окутуучулар курамын бүгүнкү каармандыктын жана мекенчилдиктин майрамы менен куттуктайм! Баардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай жана бейпил жашоо каалайм!» -деди.

Майрамдык кечеде аскер кийимин кийген офицер эжейлер жагымдуу ырларды аткарып күйөрмандардын алкоосуна арзыды. Кыргыз тили жана адабият кафедрасынын окутуучусу, мамлекетик тил борборунун жетекчиси Нуржана Жалилованын агайларга арнап жазган тамашалуу саптары алардын жүзүнө жылмаю тартуулады. Ал эми  окуу жайдын «Сезим» бий ансамблинин бийлери  майрамдын көркүнө көрк кошту.

  • ЖАМУДА МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ