AVN







Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору тех. и. д., профессор Кеңешбек Усеновдун куттуктоосу

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору тех. и. д., профессор Кеңешбек Усеновдун куттуктоосу
 Feb 23, 2022  1185

«Урматтуу мекендештер!

Баарыңыздарды 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Мурда бул күн Советтик армиянын жана аскер деңиз флотунун күнү деп белгиленип келген. Өлкөбүз эгемендик алган жылдан тартып Ата-Мекенди коргоочулар күнү катары майрамдалып келет. Бул майрам келечек муундарды мекенчилдикке тарбиялоодо зор күчкө ээ. Менин түшүнүгүмдө Ата-Мекенди коргоочу - бул бир гана аскер кийимин кийген жоокерлер эмес. Бул-өлкөбүздүн эканомикасына, элибиздин саламаттыгына, келечек муундардын татыктуу билим алуусуна, маданиятыбыздын өсүп өнүгүүсүнө эмгегин арнаган ар бир жаран. Андыктан дагы бир ирет  мекен үчүн чын дили менен кызмат кылып жаткан баардык мекендештеримди бүгүнкү каармандыктын жана мекенчилдиктин майрамы менен куттуктайм!

Баардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай жана бейпил жашоо каалайм!»