AVN







ТИЛ – АДАМ ААЛАМЫНЫН МЕЙКИНДИГИ

ТИЛ – АДАМ ААЛАМЫНЫН МЕЙКИНДИГИ
 Feb 21, 2022  354

             Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулган  21-февраль – Дүйнөлүк эне тил күнүнө карата “Тил – адам ааламынын мейкиндиги” аталышындагы республикалык илимий-теориялык онлайн  конференция болуп өттү. Конференцияда КРнын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары              Ырысбек Ызабеков дүйнөлүк эне тили майрамы менен конференциянын катышгуучуларын куттуктап, учурдун маселелерине токтолду.

Ал эми, КРнын БИМнин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гулнара Ибраимова конференциянын катышуучуларын куттуктоо менен мамлекеттик тилдин, эне тилдин көйгөйлүү промлемаларына талдоо жүргүздү.

          Конференцияда Түркия республикасынын Кастомону мамлекттик университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору, көрүнүктүү окумуштуу Олжобай Каратаев эне тил, мамлекттик тил, улуттун жүзү экендиги жөнүндө орчундуу ой пикирлерди айтты. Андан кийин көрүнүктүү окумуштуулар филология илимдеринин доктору, профессор Ибраим Абдувалиев, ОшМУнун профессору педагогика илимдеринин доктору, Сатканбай Момуналиев Ош өзбек-кыргыз эл аралык университетинин тарых жана филология факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Назира Тилекова, ЖАМУнун профессорлору, илимдин докторлору Асылбек Эшиев, Кубанычбек Калчекеев, Муяссархан Мирзахидовалар, эне тидин дүйнөлүк орду жана мааниси, мамлекттик тилдин орчундуу көйгөйлөрү жөнүндө абдан таасирдүү баяндамаларды жасашты. ЖАМУнун магистратура, аспирантура бөлүмүнүн башчысы филология илимдерини кандидаты, доцент Дилбар Чокоева илим билимдин келечеги тууралуу кызыктуу ойлорун айтты.

Конференциянын ишине мындан башка да аспиранттар, магистранттар кызыктуу баяндамалары менен катышты.

  • ТИЛ – АДАМ ААЛАМЫНЫН МЕЙКИНДИГИ
  • ТИЛ – АДАМ ААЛАМЫНЫН МЕЙКИНДИГИ
  • ТИЛ – АДАМ ААЛАМЫНЫН МЕЙКИНДИГИ
  • ТИЛ – АДАМ ААЛАМЫНЫН МЕЙКИНДИГИ