AVN







ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ФИЗИКА ПЦКСЫНЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ФИЗИКА ПЦКСЫНЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ
 Feb 18, 2022  299

Жалал-Абад колледжинин электр менен камсыздоо, электр станциялары, тармактар жана системалар адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн ЭС-2-19(9), ЭСС-2-19(9) группаларынын квалификация алдындагы практикасына жөнөтүү конференциясы болуп өттү. Конференцияга жалпы 30 студент катышып, квалификация алдындагы практикада жасала турчу жумуштары жана практиканын максаты, милдеттери   менен таанышышты.

Конференцияга  ЖАМУнун өндуруш практика жана карьера бөлүмүнүн инспектору Ж.Паязова, ЖАКтын өндүрүш практика боюнча директордун орун басары Үлпат Кайкиева, аталган колледждин карьера бөлүмүнүн башчысы Майрам Осмонова жана практика жетекчилери А. Курбанов Г. Алимбаева, Э.Сайназаров, жана энергетика жана физика ПЦКсынын төрайымы С. Шаимкулова катышты.

            Келечектеги энергетиктер квалификация алдындагы практикада ушул жылдын 21-февралдан 9-апрельге  чейинки мөөнөттө “Жалал-Абадэлектро” ААКда жана ага караштуу райондук электр тармактарында,Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактары” ишканасында, ошондой эле жакынкы аралыктагы подстанцияларда практика өтөшөт.

Конференциянын соңунда студенттерге ийгилик каалоо менен жолдомолорун алышты.

 

  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ФИЗИКА ПЦКСЫНЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ