AVN







ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ
 Feb 16, 2022  355

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун ЖАКде мектепке чейинки билим берүү жана социалдык иш ПЦКсында СРк-2-19 жана МЧББк-2-19 тайпаларынын студенттерин мамлекеттик практикага жөнөтүү боюнча конференция болуп өттүү.  Конференцияга  ЖАКтын өндүрүштүк практика боюнча директордун орун басары Үлпөт Кайкыева, МЧББ жана СИ ПЦКсы Айнагуль Ташматова жана окутуучулар Айтбү Анарбай кызы, Айсулуу Кыргызбаева, Мейликан Кыбыраевалар катышышты. Конференциянын жүрүшүндө Айнагүль Акылбековна мамлекеттик практиканын максаты милдеттери менен тааныштырып,  студенттердин практика учурунда  аткара турган иш аракеттери жана азыркы дүйнөдөгү кырдаалга жараша санитардык-эпидемиологиялык гигиеналык эрежелер, техникалык коопсуздук эрежелери боюнча кеңири маалымат берди.

СРк-2-19 тайпасынын студенттерини келишимдин негизинде Жалал-Абад шаардык, Сузак, Ноокен, Базар-Коргон  райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына, Жалал-Абад шаардык мэриясына, ал эми МЧББк-2-19 тайпасынын студенттери шаардык жана райондук мектепке чейинки билим берүү уюмдарында практика өтөй турган болду.

  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ