AVN

ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ БИЗДИН СЫЙМЫГЫБЫЗ

ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ БИЗДИН СЫЙМЫГЫБЫЗ
 Feb 15, 2022  553

Мындан 33 жыл мурун, 1989-жылдын 15-февралында советтик аскерлер Ооган жергесинен толугу менен чыгып кеткен. Бүгүн Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлкеттик университетинин Р. Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында Ооган согушунун ардагерлери менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү. Анда согуштун каармандары дүйнөдө дайыма тынчтык болсун деген тилектерин айтып, ошол учурдагы эсте калган күндөрүн эскеришти. Иш-чарага окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, кызматкерлер жана студенттер  катышышты.

Ооган согушунун ардагерлеринин ичинде университеттин ректору, тех.и.д., профессор Кеңешбек Усенов да бар. Ал , - “1979-жылдан 1989-жылга чейинки болуп өткөн кандуу  согушта бир канча өмүрлөр кыйрады, атасыз калган балдар ыйлады. Биз болгон күчүбүздү, мээнетибизди, жада калса өмүрүбүздү сайып согуш майданында эли-жерибизди коргодук десем жаңылбаймын. Эми эч качан согуш болбосун, тынчтыктын баасын билели! Ардактуу  жаштар, студенттер силер  мекенчил, элиңерге  кызматыңарды аябаган  ак жүрөк инсандардан болгула. Келечегиңер кең болуп, тынчтыкта бактылуу жашагыла! Ал эми Ооган согушунун каармандарына бүгүн мамлекет жогорку деңгээлде көңүл бөлүп, материалдык жана моралдык колдоолорду көрсөтүп жатат. Баарына ыраазычылык,”-деди. Жолугушуу иш-чарасында студенттер берген  суроолоруна  кызыктуу жоопторду алышты.

 МТСИ боюнча проректору А.Д.Доранованын билдирүүсүнүн негизинде жана ректордун колдоосу менен  университетте иштеген Ооган согушунун  ардагерлерине (Усенов К.Ж., Шерматов А.О., Мамытов М.И., Нурдинов Ш.Ш., Жоробаев Ы.С., Сарымсаков Р.) сыйлык катары, ар биринин банкттык карточкасына   10 000 (он) миң сомдон которулду.   Ошондой эле окуу жайдын кесиптик кошунунун төрайымы М.Ш.Маткаримова   ЖАМУда иштеген Ооган согушунун ардагерлерин куттуктап 2000 (эки) миң сомдон акчалай сыйлык менен кошундун атынан сыйлады.

Эске салсак, Кыргызстандан Ооган согушуна жети миңден ашуун аскер жөнөтүлгөн. Алардын 252си курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алышкан. Алты жүзгө жакыны майып болуп кайтышкандары бар. Ал эми бүгүнкү күндө Ооган ардагерлери коомдун түрдүү тармактарында активдүү катышып келишүүдө.

  • ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ БИЗДИН СЫЙМЫГЫБЫЗ