AVN

ФУНДАМЕНТАЛДЫК, КОЛДОНМО БОЮНЧА ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮ ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУНУ КАНТИП ӨРКҮНДӨТӨБҮЗ

ФУНДАМЕНТАЛДЫК, КОЛДОНМО БОЮНЧА ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮ ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУНУ КАНТИП ӨРКҮНДӨТӨБҮЗ
 Feb 14, 2022  447

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 2022-жылдын               11-февралында илим бөлүмү фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар илим изилдөө институту менен биргеликте  Фундаменталдык, колдонмо боюнча илимий изилдөөлөрдү жана инновациялык технологияларды колдонууну кантип өркүндөтөбүз”- аттуу илимий кеңешме өткөрүлдү.

Илимий кеңешме окуу жайдын илимий иштер жана инновациялар боюнча проректор, т.и.к., доц. милд.атк. Сталбек Куваковдун куттуктоо сөзү менен башталды. Университеттин илим боюнча жетекчиси: илимди өнүктүрүүчү долбоорлор менен иштөөнү күчтөндүрүү жөнүндөгү ойлорун айтуу менен, анын ичинде ЖАМУнун өзү дагы илимий проекттерди колдоого аларын эске салып, проекттер менен иштөөнү жолго коюу, илимий кызматкерлер менен илимге ынтызар жаштардын башын кошуп, илимди алдыга жылдыруу, инвестицияларды тартуу боюнча университеттин жетекчилигинин пландары жөнүндө айтты. 

Кеңешмеге университетибиздин башкы жетекчилери, жетектөөчү илимий кызматкерлер, илимге жөндөмдүү жаш кызматкерлер, бөлүм башчылар, декан, директорлор, илимий лабораториялардын жетекчилери, кафедра башчылары жана факультеттин, кафедранын илим боюнча жооптуу кызматкерлери катышышты.

            Илимий кеңешмеде: тех.и.д, пофесссор Абдуимаматкадыр Аширалиев, м-ф.и.д. професоор Алыбаев Курманбек Сарманович, т.и.д., профессор Сабыржан Кыдыралиев, п.и.д., профессор Саипжамал Сакиева, ф.и.д. профессор Асылбек Эшиев ар кимиси өздөрүнүн илимий багыттары боюнча тажрыйбаларынан бөлүшүп, мындан ары өнүктүрүү боюнча идеаларын сунушташты. Булардан башка дагы окумуштуулар чыгып илимди  өнүктүрүү боюнча ойлорун айтышып, бул иш-чара дайыма өткөрүлүп турушу зарыл деген чечимге келишти. Илим, магистратура, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент Дилбар Чокоева жыйынды жыйынтыктоо сөзүндө:  жогорудагы окумуштуулардын алгылыктуу идеяларын бөлүп көрсөтүп, бул идеяларды илимге айлантуу жана натыйжаларга жетишүү иштерин университет колдоого ала тургандыгын, университеттин ректору, т.и.д., профессор Кеңешбек Жумабековичтин илимди өнүктүрүү боюнча амбициялуу пландары бар экендигин эске салып, аларды ишке ашыруу ушерде отурган окумуштуулардын милдети экендигин, ошондуктан, илимди уюштуруу иштеринде өзгөрүүлөр боло тургандыгын,  фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар илим изилдөө институту тыкыр долбоорлор боюнча иштей тургандыгы, институттун илимий лабораториясында мындан ары багыттар боюнча илимий жыйналыштар өткөрүлө тургандыгын, илимий кеңешме жылына эки жолу, февраль жана декабрь айларында өтөөрүн, университеттин илимий техникалык кеңешмеси мурдагы тартипте иштей бере тургандыгына токтолду. Соңунда илимий кеңешме өзүнүн резолюциясын кабыл алды.

  • ФУНДАМЕНТАЛДЫК, КОЛДОНМО БОЮНЧА ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮ ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУНУ КАНТИП ӨРКҮНДӨТӨБҮЗ