AVN







ХИМИК-МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ ИШТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

ХИМИК-МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ  ИШТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
 Feb 14, 2022  573

Жакында Табигый-техникалык факультетинин 550100 Табигый илимий билим берүү багытынын Химия магистердик программасы боюнча билим алып жатышкан  ТИББ(Х)-1-21 тайпасынын магистранттары менен алардын илимий жетекчилеринин катышуусунда илимий талкуу болуп өттү.

          Талкуунун жүрүшүндө “Фармацевтикалык технологиялар жана химия кафедрасынын” башчысы, магистердик программанын жетекчиси Н.Б.Арстанбекова магистранттар жана алардын жетекчилери менен бирге талкууланып бекитилген магистердик диссертациялардын темалары, илимий жетекчилери менен тааныштырды.  Магистердик диссертациялык иштердин темалары химия жана химияны окутуунун технологиялары багыттарында тандалып алынган.

          Магистранттар илимий ишти жазуунун жол-жоболору менен таанышышып, аягында ар бир магистрантка изилдөө ишинин темасы боюнча план-проспект түзүп келүү тапшырмасы берилди.

           Талкууга химия илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Н.А.Маматураимова, ага окутуучу М.Э.Сатканкулова, магистр А.Болотбековдор катышышып өз пикирлерин билдирип, суроолорго жооп беришти. Магистранттар менен мындай талкууларды өткөрүп туруу график боюнча системалуу улантылууда.

  • ХИМИК-МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ  ИШТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ