Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-абад колледжинин дене тарбия ПЦКсы жана ОшМУнун №2 дене тарбиясы кафедрасында иштеген профессордук-окутуучулар курамынын ортосундаспорттун волейбол, кичи футбол, стол үстүндөгү теннис жана стритбол түрлөрү боюнча матчтык жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад колледжинин окуу иштери боюнча директордун орун басары Абубакир Таштемирович билдирди. Анын айтымында иш чаранын негизги максаты ОшМУ менен ЖАМУнун ортосундагы достук мамилени бекемдөө жана өз ара кызматташууну күчөтүү болуп саналат.
Эске салса, ОшМУнун №2 дене тарбиясы кафедрасы менен ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи 2021-жылдын 2-июнда кызматташуу боюнча өз ара келишим түзүшкөн.
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-абад колледжинин дене тарбия ПЦКсы жана ОшМУнун №2 дене тарбиясы кафедрасында иштеген профессордук-окутуучулар курамынын ортосунда спорттун волейбол, кичи футбол, стол үстүндөгү теннис жана стритбол түрлөрү боюнча матчтык жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад колледжинин окуу иштери боюнча директордун орун басары Абубакир Таштемирович билдирди. Анын айтымында иш чаранын негизги максаты ОшМУ менен ЖАМУнун ортосундагы достук мамилени бекемдөө жана өз ара кызматташууну күчөтүү болуп саналат.
Эске салса, ОшМУнун №2 дене тарбиясы кафедрасы менен ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи 2021-жылдын 2-июнда кызматташуу боюнча өз ара келишим түзүшкөн.