AVN







МАГИСТРАНТТАР МЕНЕН НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ТАЛКУУЛОО

МАГИСТРАНТТАР МЕНЕН НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ТАЛКУУЛОО
 Feb 7, 2022  489

2022-жылдын 3-февралында педагогика багытынын педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы профили боюнча даярдалып жаткан магистранттардын 1-2-курстары менен биргеликте талкууланды. Магистранттар үчүн түзүлгөн негизги билим берүү программасы жөнүндө жалпы маалыматты кафедра башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сайипжамал Сакиева токтолуп өттү. Магистранттар үчүн түзүлгөн  негизги билим берүүчү программанын мааниси жана максаты, магистранттар ээ болуучу компетенттүүлүктөр, магистранттар үчүн түзүлгөн окуу планынын бөтөнчөлүгү, магистратурадагы окутулуучу дисциплиналар, аларды өздөштүрүүдөгү ээ болуучу компетенттүүлүктөр, магистрдик теманы тандоо, магистрдик диссертация менен иштөө, илимий жетекчи менен иштөө  иши, аларды уюштуруунун талаптары, магистранттын практикасын уюштуруудагы өзгөчөлүктөргө жөнүндө билдирүү жасады. Ал эми педагогика илимдеринин кандидаты, доценттер Р.С.Нусупова, К.М.Ураимовдор да магистранттын илимий компетенттүүлүгү жөнүндө маалымат беришти. Магистранттар Аманбет кызы Айзирек, Сулайман кызы Гүлнура, Турукманова Элиза, Карабаева Роза ж.б. магистранттар негизги билим берүүчү программа жөнүндө өз ойлорун ортого салышты. Магистранттар негизги билим берүүчү программа учурдун талабына жараша түзүлгөндүгүнө басым жасашып, аягында кафедранын эмгек жамаатына ийгилик каалашты.     

  • МАГИСТРАНТТАР МЕНЕН НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ТАЛКУУЛОО
  • МАГИСТРАНТТАР МЕНЕН НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ТАЛКУУЛОО
  • МАГИСТРАНТТАР МЕНЕН НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ТАЛКУУЛОО