AVN







САЛТТУУ ЖАНА САЛТТУУ ЭМЕС ОКУТУУГА АРНАЛГАН КОНОК ЛЕКЦИЯ

САЛТТУУ ЖАНА САЛТТУУ ЭМЕС ОКУТУУГА АРНАЛГАН КОНОК ЛЕКЦИЯ
 Feb 7, 2022  690

2022-жылдын 2-февралында Казак Республикасынын Чимкент шаарында жайгашкан Н.Сапарбаев атындагы институтунун педагогика жана психология кафедрасы менен биргеликте On-line   конок лекция  башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы менен биргеликте уюштурулду. On-line  конок лекцияны  педагогика жана психология кафедрасынын башчысы, психология илимдеринин кандидаты, доцент Джумагулова Гульнара Шингисовна ачып, конок лекциянын лектору, педагогика илимдеринин кандидаты, улук окутуучу Коваленко Ирина Владимировнанын ”Технология традиционных и нетрадиционных учебных занятий в колледже, ВУЗе” деген темадагы лекциясын окууга сунуштады. Лекциянын мазмуну учурдагы орто жана жогорку жайларында лекциялык жана практикалык сабактарды уюштуруунун технологиялары жөнүндө магистранттарга  мазмундуу маалымат  берилди. Магистранттар салттуу жана салттуу эмес окутуунун мектепке байланышын аныктоого басым жасашты. Магистранттар, окутуучулар тарабынан суроолор, алар боюнча кызуу талкуулар болду. Аягында педагогика жана психология кафедрасынын башчысы, психология илимдеринин кандидаты, доцент Джумагулова Гульнара  Шингисовна, башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор С.С.Сакиевалар эки окуу жайда жүргүзүлүүчү дисциплиналар жөнүндө маалымат, магистранттардын дисциплиналар боюнча суроолоруна жооп беришти. Аягында магистранттарга ийгилик, каалоолор айтылды.