AVN







МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ ИШИ ТАЛКУУЛАНДЫ

МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ ИШИ ТАЛКУУЛАНДЫ
 Feb 7, 2022  489

2022-жылдын 1-февралында башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы Пмаг-1-21 группасынын магистранттары үчүн “Магистрдик диссертацияны пландаштыруу” деген темада    талкуу уюштурулду. Аталган тема боюнча кафедранын илимий иштер боюнча жетекчиси, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент К.М.Ураимов магистрдик темаларды, илимий жетекчилерди тандоо боюнча жүргүзүлгөн жумуштар боюнча маалымат берди. Кафедра башчысы, профессор С.С.Сакиева магистрдик темалар педагогикалык, психологиялык, методикалык багыт боюнча сунушталгандыгы жөнүндө магистранттарга  маалымат берди. Магистрант 2 жылдык мөөнөттө аткарылуучу иштердин иш планын түзүү, пландаштырууга карата магистранттын жекече иш планы аркылуу жүргүзүлө тургандыгына токтолду.  Магистранттар сунушталган темаларды өз алдынча тандашкан, илимий жетекчилери менен макулдашылган.  Кафедранын доценттери Р.С.Нусупова, М.Ж.Найманбаев, Г.У.Рыскулова, Г.Т.Токтогулова, Г.Т.Маматовалар магистрдик диссертацияны аткаруу, илимий жетекчи менен иштөөгө токтолушту. Доцент Г.Т.Токтогулова магистрдик диссертацияны жазууда адабияттар менен иштөө, магистранттын иш планын түзүү, адабияттарга анализ жасоо, корутунду, жалпы жыйынтыкты чыгаруу, педагогикалык эскпериментти жүргүзүүгө анализ жасады. Магистранттардын суроолоруна  илимий жетекчилер жооп беришти

  • МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ ИШИ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ ИШИ ТАЛКУУЛАНДЫ