2022-жылдын 29-январында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жетекчилиги менен Конфуций институтунун дирекциясы биргеликте Көк-Жангак шаарынын №1, №4 жана №6 орто мектептеринин директорлору менен жолугушуп, кытай тилин окутуу маселелерин: кечээгисин, бүгүнкүсүн, келечегин талкуулашты. Окуучулардын кытай тилин өздөштүрүүсү, кытай окутуучуларынын ишмердүүлүгү, кызматташууну күчөтүү сыяктуу иштер да маектешүүнүн күн тартибинде болду.
Жолугушууда 2019-жылдан бери аталган мектептерде иштеп жаткан кытай тили мугалими Ван На окуунун абалы, окуучулардын катышуу-жетишүүсү, HSKсынактарынын тест-жыйынтыктары, маданий иш-чаралардын уюштурулушу жана башка аспектилер боюнча маалымат берди.
ЖАМУнун жетекчиси талкууланган бардык маселелерди эске алып, кытай тилин окутуу 5-класстан башталып, окутуу усулдарын, окутуучунун педагогикалык чеберчилигин тиешелүү жетекчилердин көзөмөлдөшүн, мектеп директорлорунун ылайыктуу шарт-чөйрөнү мурдагыдан да жакшыртуусун, эки тараптын ортосундагы келишимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.
Жыйындын соңунда, ректор К.Ж.Усенов Конфуций институтунун атынан 3 мектепке EVD(video) жабдууларын тапшырды.
Көк-Жангак шаарындагы орто мектептин директорлору үзгүлтүксүз колдоо жана жардам көрсөткөндүгү үчүн ЖАМУнун жана Конфуций институтунун жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришти.
2022-жылдын 29-январында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жетекчилиги менен Конфуций институтунун дирекциясы биргеликте Көк-Жангак шаарынын №1, №4 жана №6 орто мектептеринин директорлору менен жолугушуп, кытай тилин окутуу маселелерин: кечээгисин, бүгүнкүсүн, келечегин талкуулашты. Окуучулардын кытай тилин өздөштүрүүсү, кытай окутуучуларынын ишмердүүлүгү, кызматташууну күчөтүү сыяктуу иштер да маектешүүнүн күн тартибинде болду.
Жолугушууда 2019-жылдан бери аталган мектептерде иштеп жаткан кытай тили мугалими Ван На окуунун абалы, окуучулардын катышуу-жетишүүсү, HSK сынактарынын тест-жыйынтыктары, маданий иш-чаралардын уюштурулушу жана башка аспектилер боюнча маалымат берди.
ЖАМУнун жетекчиси талкууланган бардык маселелерди эске алып, кытай тилин окутуу 5-класстан башталып, окутуу усулдарын, окутуучунун педагогикалык чеберчилигин тиешелүү жетекчилердин көзөмөлдөшүн, мектеп директорлорунун ылайыктуу шарт-чөйрөнү мурдагыдан да жакшыртуусун, эки тараптын ортосундагы келишимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.
Жыйындын соңунда, ректор К.Ж.Усенов Конфуций институтунун атынан 3 мектепке EVD (video) жабдууларын тапшырды.