AVN

Б. ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ИШ КАГАЗДАРЫНА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Б. ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ИШ КАГАЗДАРЫНА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
 Jan 28, 2022  491

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын тил саясаты жана уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А. Ишеналиева жана А. Орозов, А. Телекманова, Э. Маматкарим кызы, Э. Муратбековалар тарабынан Жалал-Абад облусу боюнча Жалал-Абад шаары, Базар-Коргон жана Сузак районундагы мамлекеттик мекеме-ишканалардын иш кагаздарына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында, университеттин   иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүлүсү боюнча мониторинг өттү. Мониторингдин жыйынтыгында жетишкендиктер белгиленип, кемчилдиктер боюнча сунуштар берилди.

Иш-чаранын жүрүшундө Аида Ишеналиева кыргыз тилин өнүктүрүүгө өлкө жетекчилиги тарабынан да өзгөчө көңүл бурулуп жатканына токтолду. Өткөн жылы Мамлекеттик тил комиссиясы өлкө башчысынын Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия" болуп кайрадан түзүлгөнүн белгиледи. Аны менен катар улуттук комиссия бардык жогорку органдардын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердеги иш кагаздардын кыргыз тилинде жүргүзүлүүсүн текшерүүгө алып, жакшыртуу боюнча сунуштарын берип жаткандыгын билдирди.

  • Б. ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ИШ КАГАЗДАРЫНА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ