AVN







ПЕДАГОГИКАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ОКУП-ҮЙРӨНҮҮНҮН АКТУАЛДУУЛУГУ

ПЕДАГОГИКАЛЫК  КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ОКУП-ҮЙРӨНҮҮНҮН АКТУАЛДУУЛУГУ
 Jan 27, 2022  559

2022-жылдын 25-январында  Казакстан Республикасынын Чимкент шаарында жайгашкан  Академик Мардан Сапарбаев атындагы институтунун педагогика жана психология кафедрасынын  доценти, педагогика илимдеринин кандидаты  Мунашова Жамилия Балкыбековнанын  "Педагогикалык чеберчиликтин негиздери" темасындагы конок лекциясы башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын окутуучусу А.К.Шишкараева  менен биргеликте уюштурулган. Конок лекциянын педагогика жана психология кафедрасынын кафедра башчысы, психология илимдеринин кандидаты, доцент Г.Ш.Джумагулова ачып, кафедра жөнүндө маалымат берди. Конок лекция  педагогика адистигинин  күндүзгү бөлүмүнүн бакалавр жана магистранттары үчүн  окулуп, студенттерди, магистранттарды  кызыктыра алды. Лекцияда адистин компетенттүүлүгүн калыптандырууда педагогикалык чеберчиликтин теориялык жана практикалык багыттарын, аларды колдонуунун дидактикалык жана педагогикалык шарттарына өзгөчө басым жасай алды. Адистин  кесиптик компетенттүүлүгү педагогикалык чыгармачылыкка тыгыз байланышып, аларды толуктоодо, өркүндөтүүдө чыгармачылык изденүүнү талап кылаарына басым жасалды. Студенттер жана магистранттар  тарабынан суроолор берилди, аларга карата лектордун  жооптору, сунуштары менен толуктады. Конок лекциянын аягында башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын кафедра башчысы, п.и.д., профессор С.С.Сакиева  лекторго, кафедранын, институттун  жамаатына терен ыраазычылыгын билдирип, алардын ишине ийгилик каалап, педагогикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча бир канча иш-чаралар уюштурула тургандыгын  маалымдады

  • ПЕДАГОГИКАЛЫК  КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ОКУП-ҮЙРӨНҮҮНҮН АКТУАЛДУУЛУГУ
  • ПЕДАГОГИКАЛЫК  КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ОКУП-ҮЙРӨНҮҮНҮН АКТУАЛДУУЛУГУ
  • ПЕДАГОГИКАЛЫК  КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ОКУП-ҮЙРӨНҮҮНҮН АКТУАЛДУУЛУГУ
  • ПЕДАГОГИКАЛЫК  КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ОКУП-ҮЙРӨНҮҮНҮН АКТУАЛДУУЛУГУ