AVN







МАГИСТРАНТТАР ТАЛКУУ УЧУРУНДА

МАГИСТРАНТТАР ТАЛКУУ УЧУРУНДА
 Jan 27, 2022  590

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессордук-окутуучулук жамааты магистранттар менен жолугушуп, негизги билим берүү программасын талкуулашты.

550300 филологиялык билим берүү (магистрдик программасы: кыргыз тили жана адабияты) багыты боюнча магистрлерди даярдоодо негизги билим берүү программасын өздөштүрүүнүн жыйынтыгы бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларга ээ болуусуна, башкача айтканда, алардын кесиптик ишмердүүлүккө коюлган талаптарга ылайык билимди пайдалана алуу жөндөмдүүлүгү, билгичтиги жана жекече сапаттарына карап аныкталат. Бүтүрүүчүнүн универсалдык жана кесиптик компетенциялары программада кеңири көрсөтүлгөн. Бул компетенцияларды өздөштүрүү менен алардын дүйнө таанымы кеӊеет, коомдогу жана жаратылыштагы орду жана ролу аныкталат, окутуунун заманбап технологияларын пайдалана алат, ийгиликке жетишүүнүн максаттарын коё билет, ага жол тандайт, маалыматтарды анализдөөгө, туура кабылдоого жөндөмдүү адис калыптанат.

Жыйынтыктап айтканда, жогоруда белгиленген маселелер негизги билим берүү программасынын артыкчылыгын жана талапка ылайык келгендигин тастыктаган жагдайлар катары бааланары айтылып, магистранттардын ой-пикирлери угулду.

 

 

.