AVN







ИЛИМИЙ ТЕМАДАГЫ КОНОК – ЛЕКЦИЯ

ИЛИМИЙ ТЕМАДАГЫ КОНОК – ЛЕКЦИЯ
 Jan 27, 2022  651

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  550100 Табигый илимий багытынын Химия профилинин магистранттарына жана студенттерине И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын докторанты Канышай Абдывалиева “Табигый-илимий дисциплиналарды кесипке багыттап окутуунун психодидактикалык негиздери” темасында  конок-лекция окуду. Лектор окуунун жана окутуунун психодидактикасы, жогорку окуу жайларындагы табигый дисциплиналарды кесипке багыттап окутуунун педагогикалык шарттарына, илимий экспериментти жүргүзүүнүн жолдоруна кеңири токтолду.

          Конок-лекциянын жүрүшүндө магистранттар жана студенттер тарабынан доктаранты К.Абдывалиевага бир катар суроолор берилип, жооптор алынды.

Конок-лекциянын аягында химия кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Н.Б.Арстанбекова  жана окутуучулар, магистранттар, студенттер өз ыраазычылыктарын билдиришти.

 

  • ИЛИМИЙ ТЕМАДАГЫ КОНОК – ЛЕКЦИЯ
  • ИЛИМИЙ ТЕМАДАГЫ КОНОК – ЛЕКЦИЯ
  • ИЛИМИЙ ТЕМАДАГЫ КОНОК – ЛЕКЦИЯ