550100 Табигый илимий билим берүү багыты боюнча магистрлерди даярдоонун негизги билим берүү программасы Жалал-Абад шаарындагы Р.Санатбаев атындагы №9 инновациялык мектебинде талкууланды.
Анда магистрдик программанын жетекчиси, химия кафедрасынын башчысы Н.Б.Арстанбекова магистрлерди даярдоонун негизги билим берүү программасынын талаптары, андагы окуу планы, жумушчу окуу планы, калыптандырылуучу компетенциялар, окутуунун жыйынтыктары, магистрдик окутуу программасы эки жылдык мөөнөттү камтып илимий изилдөө, илимий-педагогикалык жана илимий уюштуручуулук ишмердүүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталгандыгына кеңири токтолду. Биология кафедрасынын башчысы К.А.Асанова жогорку билим берүүнүн экинчи баскычы болуп эсептелген магистратуранын өзгөчөлүктөрүн баса белгилеп өттү.
Талкууга Химия кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Н.Б.Арстанбекова, биология кафедрасынын башчысы, б.и.к., доцент К.Асанова, х.и.к., доцент Н.А.Маматураимова, а-ч.и.к., доцент Б.Ж.Жээнбекова, ага окутуучу М.Э.Сатканкулова, Р.Санатбаев атындагы №9 инновациялык мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Каримкулова Гүлзат, химия мугалимдери Токтогулова Гүлзина, Бурканова Толкунай, биология мугалимдери Садыкова Назгүл, Жаркулова Мырзайымдар катышып, өз сунуш пикирлерин билдирүү менен мектеп - жогорку окуу жайы ортосундагы кызматташтык дайыма улантыларын белгилешти.