БИЗ БИРГЕБИЗ АТАЛЫШЫНДАГЫ КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯ УЛАНУУДА
Jan 26, 2022 425
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинин профессордук-окутуучулар курамы, студенттер менен биргеликте «Биз биргебиз» аттуу акциянын алкагында “Кайрымдуулук бул ар бир инсандын парзы” деген ураан менен Жалал-Абад шаарындагы “Психоневрологиялык социалдык-стационардык” мекемесине барып ал жайдагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан кабар алышты. Аны менен катар аларга кийим-кече, күнүмдүк керектелүүчү каражаттарды жана шириндиктерди беришти.
Экономикалык-юридикалык факультетинин тарбиялык иштер боюнча декандын орун басары Нурия Абдыманап кызы,-“Биздин бул аракетибиз мүмкүнчүлүгү чектелген балдарыбызды коомдон бөлүп карабай аларга дайыма көңүл буруу зарыл экендигин айтып, студенттерибизди кайрымдуу, боорукер болууга тарбиялоо”-дейт.