AVN







БИЛИМИ КҮЧТҮҮ МИҢДИ ЖЫГАТ

БИЛИМИ КҮЧТҮҮ МИҢДИ ЖЫГАТ
 Feb 20, 2018  1078

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин  303-аудиториясында 19-февраль күнү ЖАМУнун Жаштар комитетинин алдында түзүлгөн “Даанышман” интеллектуалдык клубунун кезектеги интеллектуалдык оюну болду. Бул тууралуу Жаштар комитетинен билдиришти.

    Педагогикалык жана маалымат технологиялар факултетинин  «Эндорфин» жана Жаштар комитетинен куралган «Жаштар» курама командаларынын ортосунда таймаш жүрдү. Катышуучулар 1-2-курста  билим алып жаткан  студенттер болду.

Жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усеновдун айтымында “Даанышман” интеллектуалдык оюнуна эки командадан бештен жалпы 10 студент ойноду. Мында командаларга “Эң, эң, эң...” жана “Дүйнөлүк тарых”  багыттары боюнча  16 суроо, андан сырткары сыр сандык, блиц  суроолор  берилген . Жыйынтыгында “Эндорфин” командасы 16 упай топтосо, “Жаштар” командасы 15  упай жыйнай алышты. Ошентип оюндун соңунда педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин  студенттери 1 упайга көбүрөөк топтоп, оюндун жеңүүчүсү аталышты деп билдирди А. Усенов.

   “Даанышман” интеллектуалдык оюнунун максаты жаштардын дүйнө таанымын кеңейтип, ар тараптуу ой жүгүртүүгө үйрөтүү. Алар тиешелүү адистикке ээ болуу менен чектелбестен, ар тараптуу изденип, келечегине керектүү тажрыйба алышат деп ойлойм – деди Жаштар комитетинин төрагасы.

  Эскерте кетсек, жогорудагы факултетте учурда 660тан ашуун студент тогуз адистик боюнча билим алууда.

  • БИЛИМИ КҮЧТҮҮ МИҢДИ ЖЫГАТ