AVN







НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ТАЛКУУЛОО УЧУРУНДА

НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ТАЛКУУЛОО УЧУРУНДА
 Jan 26, 2022  372

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессордук-окутуучулук жамааты магистрлердин негизги билим берүү программасынын түзүүчүлөрү менен биргеликте программаны талкуулоону уюштурушту.

Кафедра башчысы, ф.и.к., доцент А.Кадырова: 550300 филологиялык билим берүү (профили: кыргыз тили жана адабияты) багытынын магистр квалификациясы үчүн жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасын иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдарына ылайык Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан жалпы жоболоруна таянарын, негизги билим берүү программасынын негизги пайдалануучулары катары Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун жетекчилиги, професордук-окутуучулук курамы жана магистранттары, мамлекеттик аттестациялоочу комиссиялар, кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин усулдук бирикмелери, билим берүү башкармалыгынын аймактык органдары, тиешелүү тармактагы кесиптик ишмердүүлүктөгү адистердин жана иш берүүчүлөрдүн уюму, аткаруу бийлигиндеги башкаруучу мамлекеттик органдар ж.б. эсептелинерин белгиледи.

Талкууда программада көрсөтүлгөн негизги талаптардын: окуу жайдын жана магистранттардын укуктарына жана милдеттерине, 550300 филологиялык билим берүү (профили: кыргыз тили жана адабияты) багытынын магистрлерди даярдоонун негизги билим берүү программасынын структурасына, окуу процессинин кадрлар менен камсыздалышына, окуу процессинин материалдык-техникалык камсыздалышына, бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапаттык көрсөткүчүнө, практикаларды өткөрүүнүн шарттарына, билим берүү технологияларын изилдөөнүн көрсөтмөлөрүнө, билим берүү процессин мазмунун жана уюштурулушун жөнгө салуучу иш кагаздарына (календардык окуу графиги, окуу пландары, жумушчу окуу пландары), билим берүү программасынын компетенцияларына, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга коюлган талаптарды  аткаруу жана   көзөмөлдөө милдети боюнча кеңири сөз болду.

Ошондой эле, иш чарага педагогикалык багыттагы кафедралардын кафедра башчылары да катышышып, өз ойлорун айтышты.

 

  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ТАЛКУУЛОО УЧУРУНДА
  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ТАЛКУУЛОО УЧУРУНДА