AVN







АДАБИЙ ОКУУ ПРЕДМЕТИН ОКУП-ҮЙРӨНҮҮНҮН АКТУАЛДУУЛУГУ

АДАБИЙ ОКУУ ПРЕДМЕТИН ОКУП-ҮЙРӨНҮҮНҮН АКТУАЛДУУЛУГУ
 Jan 26, 2022  724

И. Арабаев атындагы КМУнун М. Рахимова атындагы педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун педагогикалык-психологиялык жана гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти, 2-4-класстардын “Адабий окуу” окуулуктарынын авторлорунун бири, педагогика илимдеринин кандидаты  Батма Абдухамидова конок лекциясы П-1-19 группалары үчүн “Башталгыч мектептерде адабий окуу предметин окутуунун максаты, милдеттери, предметти окуп-үйрөнүүнүн принциптери жана мазмундук багыттары” деген темада он-лайн түрүндө уюштурулду.  Лекцияда  башталгыч класста Адабий окуу предметинин мааниси, максаты, милдеттери  жөнүндө маалымат берилди. Ошондой эле  адабий окуу предметинин  принциптерин өздөштүрүүдө башталгыч класстын окуучуларына өзгөчө чыгармаларды окуп-үйрөнүүдө жана ага  даярданууда окуучулардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу, чыгарманы окуп-талдоодо окуучулардын кызыкчылыктарын эске алуу; окуучулардын кызыкчылыгын эске алып окутуу дагы окуу материалын өздөштүрүүдө туура жол ачып, адабий чыгарманы окуп-талдап үйрөнүүдө окуучулардын билим-билгичтиктери менен көндүмдөрүнүн денгээлине жана алардын өз тажрыйбаларына таянат, анткени окуучулардын билим-билгичтиктеринин деңгээлине таянып окутуу гана алардын билиминин бекем болуусун жана алардын өз  алдынча окуп-үйрөнүү тажрыйбасын өстүрө тургандыгына басым жасалды.

Адабий окуу сабагында инсанга багыттап окутуунун ар түрдүү адабий жанрдагы жана мазмундагы тексттерди окуп-үйрөнүүдө окуучунун инсан катары өсүп-өнүгүүсүн, окуу материалын өздөштүрүүгө багыт берүүчү, ал кездеги таанып-билүү иш-аракеттерин башкаруучу катары болуусу, окуучунун   ишмердүүлүк  аракеттенүүлөрүнө багыт берүү менен, анын активдүүлүгүн   өстүрүүгө, сабакта окуучу көркөм чыгарманы күчтөп окуу жана жаттоо менен эмес, ички керектөөсү менен кызыгып, кубануу менен окуусуна багыт берүүгө, адабий каармандарга адабий-теориялык талдоо менен эмес, алар окуучуларга түшүнүктүү жагдайда – кыял-жоругу, адеп-ахлактык сапаттары менен таасир этерлик деңгээлде талдап-үйрөнүүсүнө багыт берүү, сабакты ошондой жагдайда уюштуруу, окуучунун акыл эмгегин өнүктүрүү өбөлгө түзөрү жөнүндө кенири сөз болду.  Жогорудагы ойлорду толуктоо иретинде 2-класстын адабий окуу предмети боюнча “Таарынган токоч” деген теманын негизинде сабакты талдап, үлгүлөрүн сунуштады. Лекцияга карата студенттердин суроосуна Батма Абдуакимовна жооп берип,  лекцияны мындан ары улантып, адабий окуунун пландаштыруунун жаны технологиялары жонүндо уланта тургандыгын, студенттерге педагогикалык чыгармачылык каалады.