AVN







БҮТҮРҮҮЧҮНҮН МОДЕЛИ: МЕКТЕП ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮ

БҮТҮРҮҮЧҮНҮН МОДЕЛИ: МЕКТЕП ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮ
 Jan 25, 2022  706

Учурдун талабына шайкеш келүүчү жогорку окуу жайындагы негизги документтердин бири – бүтүрүүчүнүн модели. Бүтүрүүчүнүн моделинде негизинен бүтүрүүчүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүнө коюлган талаптар, аларды ишке ашырууда ээ болуучу компетенттүүлүктөр болуп саналат. Магистрдик даражаны алган бүтүрүүчү кандай  компетенттүүлүккө ээ болушу керек, аларды ишке ашырууда иш берүүчүлөр менен кызматташтыкты ишке ашыруу багытында Жалал-Абад шаарындагы №21 жалпы билим берүүчү мекемесиндеги кенири талкуу 2022-жылдын 20-январында “Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы” кафедрасынын кафедра башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор С.С.Сакиева, доценттер К.М.Ураимов, Р.С.Нусупова менен биргеликте уюштурулду. Кафедра башчысы С.С.Сакиева бүтүрүүчүнүн модели  жөнүндө маалымат берди. Талкууда билим берүү мекемесинин жетекчиси Сыдыков Алмазбек Жаанбаевич, окуу иштери боюнча орун басары Жаннатхан Кебекова, башталгыч класстын мугалими Г.Бакиева ж.б.лар бүтүрүүчүнүн  модели жөнүндө өз ойлорун ортого салышты. Учурда бул мекемеде Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүлөрү иштеп, өздөрүнүн алган теориялык  билимин практикада бышыктап жатышкандыгы талкууда белгиленди. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика багытында даярдалып жаткан бакалавр, магистрлери ушул мектептен практикадан өтүшөт. Аларга   бул мекеменин жетекчилиги, башталгыч класстын мугалимдери тарабынан методикалык жардам берилип турат. Кафедранын окутуучулары менен биргеликте семинар, жолугушуулар өткөрүлөт. Жыйындын аягында билим берүү мекемесинин  жамаатына  терен ыраазычылык билдирилди.

  • БҮТҮРҮҮЧҮНҮН МОДЕЛИ: МЕКТЕП ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮ
  • БҮТҮРҮҮЧҮНҮН МОДЕЛИ: МЕКТЕП ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮ