AVN

ЖАМУ: «ДЕН СООЛУК-2022» АТАЛЫШЫНДАГЫ СПАРТАКИАДА СОҢУНА ЧЫКТЫ

ЖАМУ: «ДЕН СООЛУК-2022» АТАЛЫШЫНДАГЫ СПАРТАКИАДА СОҢУНА ЧЫКТЫ
 Jan 17, 2022  449

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлери ортосундагы “Ден соолук-2022” аталышындагы спартакиада соңуна чыкты. Бул тууралуу “Ден-соолук” борборунун директору Нийзам Абдрахимов билдирди. Анын айтымында спартакиада алты күнгө созулуп анда жети команда аялдар өзүнчө, эркектер өзүнчө болуп,  спорттун шахмат, тогуз коргоол, кичи футбол, волейбол, стол тенси, жана аркан тартыш боюнча күч сынашкан. Ар бир мелдештин жыйынтыгы чыгарылып жалпы командалык эсеп боюнча байгелүү орундар аныкталган. Анда (МФ) Медицина факультети I -орунду ээлеп кубок жана 7000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды. II-орунду болсо (АБК) Административтик башкаруу кызматынын кызматкерлери ээлеп 5000 сом алышты. Ал эми, III -орунга (ТТФ) Табигый техникалык факультети татыды жана 3000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. IV-орунду болсо (ПМТФ) Педагогика жана маалымат технологиялар факультети, V-орунду (ФФ) Филология факультети, VI-орунду (ЭЮФ) Эканомикалык-юридикалык факультети жана соңку VII-орунду (КККК) Кичи көмөк көрсөткүч кызматкерлери ээлеген.

Окуу жайдын ректору тех. и. д., профессор Кеңешбек Усенов, - “Спорт – бул ден соолуктун булагы, тынчтыкттын жана ынтымактын ордосу. Андыктан ар бирибиз ынтымакта, спорт менен алектенип ден-соолугубузга кам көрөлү”-деди.

Ал эмес ар жуманын ишемби күнү спорттук оюндарды уюштуруп өткөрүүнү адат кылуу керектигин айтып, тиешелүү адистерге тапшырмаларды берди. Аны менен бирге жалпы катышуучуларга жана уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди. Спартакиадада өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн эжей-агайлар жана калыстар курамы атайын дипломдор жана сыйлыктар менен сыйланышты.

Эске салсак, окуу жайда мындай спорттук мелдештер ар жылы уюштурулуп өткөрүлүп келет.

  • ЖАМУ: «ДЕН СООЛУК-2022» АТАЛЫШЫНДАГЫ СПАРТАКИАДА СОҢУНА ЧЫКТЫ