AVN







МАГИСТРЛЕР МЕНЕН ИЛИМИЙ ИШТЕРДИ УЮШТУРУУ

МАГИСТРЛЕР МЕНЕН ИЛИМИЙ ИШТЕРДИ УЮШТУРУУ
 Jan 17, 2022  563

Жогорку кесиптик билим берүүдө   магистрлер бакалавр даражасына караганда окутуучуга да, магистрге бир топ өзгөчөлөнгөндүгү маалым. Магистрдик даражаны алуу менен бүтүрүүчүгө мектептин (директор, окуу жана тарбиялык  иштер боюнча директордун орун басары ж.б.) жетекчи кызматтарын аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Экинчи жагынан магистрлик даража менен илимий багытты тандап, аспирантурага тапшырууга мүмкүнчүлүк алат.  Ушундай иш-аракеттер педагогика багыты боюнча даярдалып жаткан магистрлердин илимий иштерин жетектөө, алар менен магистрдик диссертацияларды жазуу, жетекчи менен иштөө жумуштары жүргүзүлүүдө. Магистр мектеп менен жогоркуу окуу жайынын илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн арттырууга да салып кошо алат.  Магистр илимий конференцияларга катышуу менен өзү иштеп жаткан магистрдик диссертациясы жөнүндө баяндама жасоо менен апробация жасайт. Ушундай иш-аракеттер  илим  күнүнө карата “Илимий-изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар” деген аталыштагы илимий-практикалык конференцияга Пмаг-1-20 группасынын магистранттары (А.Абдимажитова, А.Абдразакова, Ү.Абдразакова, Г.Атаханова, М.Мажирова, М.Эралиева) катышып, өздөрүнүн магистрдик темаларынын  тегерегинде билдирүү жасашты. Кызыктуу, маанилүү билдирүүлөрү үчүн грамоталар менен сыйланышты. Магистрлер менен илимий иш-чаралар кафедранын окумуштуулары (С.С.Сакиева, К.М.Ураимов, Р.С.Нусупова, Г.У.Рыскулова, М.Ж.Найманбаев, Г.Т.Токтогулова, Г.Т.Маматова) тарабынан илимий семинарды уюштуруу жумуштары тажрыйбаланып келе жатат.

  • МАГИСТРЛЕР МЕНЕН ИЛИМИЙ ИШТЕРДИ УЮШТУРУУ