AVN







НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ: ТАЖРЫЙБАЛАР, КӨЙГӨЙЛӨР

НЕГИЗГИ  БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ: ТАЖРЫЙБАЛАР, КӨЙГӨЙЛӨР
 Jan 17, 2022  550

Жогорку кесиптик билим берүүдө негизги билим берүү программаларын түзүү - кийинки  учурдун  актуалдуу маселе катары каралууда. Негизги билим берүүчү программа (НББП) адистин кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруудагы бирден-бир документ. Педагогика багыты боюнча даярдалып жаткан магистрлердин негизги билим берүү программасы Жалал-Абад шаарындагы №17 жалпы билим берүүчү орто мектебинде талкууланып, башталгыч класстын мугалимдеринин сын пикирлери, каалоолору угулду. Негизги билим берүүчү программанын жетишкендиктери катарында практик мугалимдер адис предметтердин технологиясын үйрөтүүгө, магистранттын илимий-педагогикалык, илимий-методикалык компетенттүүлүгүн калыптандырууга басым жасагандыгын баса белгилешти. Ал эми окуу пландарына мектептеги практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу үчүн педагогикалык практиканын мөөнөтүн, аларды уюштурууда  педагогикалык экспериментти жүргүзүүнүн талаптарын терен өздөштүрүү керектигине токтолушуп, мындай иш-чараларды уюштуруу - мектеп менен жогорку окуу жайынын байланышын чындай ала тургандыгын белгилешти. Иш-чараны уюштурууга башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор С.С.Сакиева, п.и.к.,доцент К.М.Ураимов, п.и.к.,доцент Р.С.Нусупова  жана мектептин мугалимдери катышышты.

  • НЕГИЗГИ  БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ: ТАЖРЫЙБАЛАР, КӨЙГӨЙЛӨР
  • НЕГИЗГИ  БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ: ТАЖРЫЙБАЛАР, КӨЙГӨЙЛӨР
  • НЕГИЗГИ  БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ: ТАЖРЫЙБАЛАР, КӨЙГӨЙЛӨР
  • НЕГИЗГИ  БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ: ТАЖРЫЙБАЛАР, КӨЙГӨЙЛӨР