AVN







ОКУТУУЧУ, АТА-ЭНЕ ЖАНА СТУДЕНТ

ОКУТУУЧУ, АТА-ЭНЕ ЖАНА СТУДЕНТ
 Jan 17, 2022  463

2022-жылдын 16-январында педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин “Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы” кафедрасынын окутуучулары  тарабынан бакалавр жана магистрде окуган студенттердин ата-энелери үчүн жыйын он-лайн форматында уюштурулду. Жыйынга Жалал-Абад облусунун бардык райондорунда, Жалал-Абад шаарында жашаган ата-энелер катышты. Жыйындын модераторлору, окутуучулар  (А.К.Шишкараева, Раимкул кызы Айжамал) эн алгач жыйынга катышкан ата-энелерди өзүн тааныштыруусун сунушташты, андан кийин  бакалавр жана магистрдин кураторлору (К.М.Ураимов, Р.С.Нусупова, Д.А.Аданова, Н.Ш.Мокуева, А.А.Акматов, А.Э.Төрөбекова) тааныштырылды. Андан кийинки сөз кафера башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор С.С.Сакиевага берилди. Кафедра башчысы педагогика багыты боюнча даярдалып жаткан бакалаврлардын, магистрлердин окуу процессинин жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Замандын талабына жараша университет 2 баскычтуу билим берүү менен адистерди даярдап келгендигин, ал эми магистрликке даярдоонун актуалдуу маселелери жөнүндө баяндама жасады. Жыйындын экинчи бөлүгүн окутуучулар А.К.Шишкараева, Раимкул кызы  Айжамал ата-энелерге балдарынын билим денгээлин  көзөмөлдөө боюнча AVN программасы менен иштөөнүн жолдорун университеттин сайты аркылуу  талдап көрсөтүштү. Кураторлор да сессия, модулдун жүрүшү жөнүндө кошумча маалымат беришти. Жыйынга Жалал-Абад шаарындагы №21 жалпы билим берүүчү билим берүү мекемесинин окуу иштери боюнча директордун орун басары Ж.Кебекова учурдагы башталгыч класстын мугалимдерин даярдоодо университет, кафедра менен жүргүзүлгөн иштерге токтолуп, адистерди даярдоодо кафедранын студенттеринин, магистрлеринин практиканы өтөөдө башка окуу жайларга салыштырмалуу бир топ системага салынгандыгын, алар менен биргеликте семинар, тегерек стол, вебинар, ачык сабактар, иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу уюштурулуп жаткандыгын баса белгиледи. Айрыкча, кафедранын методисттери доценттер К.М.Ураимов, Р.С.Нусупова, окутуучулар Н.Ш.Мокуева, А.К. Шишкараева,  Раимкул кызы Айжамал,  А.К., Д.А.Аданова, А.Э.Төрөбековалар практиканы уюштуруунун мыкты дасыккан практик экендигин баса белгиледи. Ошондой эле кафедранын практика боюнча жетекчиси Н.Ш.Мокуеванын ийгиликтерине да токтолду. Аягында ата-энелер тарабынан суроо-жооптор талкууланды. Ата-энелер ушундай жолугушууларды бат-бат өткөрүлүп туруусун сунуш кылышты. Ал эми университеттин, кафедранын жамаатына ийгилик каалашты.

  • ОКУТУУЧУ, АТА-ЭНЕ ЖАНА СТУДЕНТ
  • ОКУТУУЧУ, АТА-ЭНЕ ЖАНА СТУДЕНТ
  • ОКУТУУЧУ, АТА-ЭНЕ ЖАНА СТУДЕНТ