AVN







ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН (НББП) ТАЛКУУЛОО ЖАНА ПЕДАГОГИКАЛЫК БАЙЛАНЫШ

ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН (НББП) ТАЛКУУЛОО ЖАНА ПЕДАГОГИКАЛЫК БАЙЛАНЫШ
 Jan 17, 2022  489

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы тарабынан “ЖАМУнун иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен  педагогикалык кызматташтыгы” деген темада он-лайн формасында ZOOM программасы менен талкуу болуп өттү. Талкууга БатМУнун профессор-окутуучулар курамы, Баткен, Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаарларындагы шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери, мектептерден окуу бөлүмүнүн башчылары, Ош областынын айрым мектептеринен окуу бөлүмүнүн башчылары, мугалимдер, Ала-Бука, Токтогул, Аксы, Сузак, Ноокен, Базар-Коргон райондорунун райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы усулчулары, директорлор, окуу бөлүмүнүн башчылары жана башталгыч класстардын мугалимдери ЖАМУнун алдындагы Жалал-Абад колледжинин окутуучулар курамы катышышты. Талкууну ПМТФнын деканы, ф.и.к., доцент Р.К. Шамшиев ачып, ал өз сөзүндө  НББПнын (ООП) талаптарына ылайык уюштурулуп жаткандыгын белгиледи, БББТМ кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор С.С. Сакиева  иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен атайын түзүлгөн Негизги билим берүү программаларынын  (НББП) негизинде уюштурулуп жаткандыгын  айтып өттү. Кафедранын доценти, п.и.к. К.М.Ураимов негизги билим берүүчү программа жөнүндө жалпы маалымат берди. Талкууга  Баткен шаарындагы В.И. Ленин атындагы №1 орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы У.Э. Жунусова, Ала-Бука районундагы №11 Р. Кулуев атындагы орто мектебинин директору А.К.Мамбетова, Ош областынын Ноокат районундагы Борбаш б.б.м. башталгыч класстарынын орус тили мугалими А. Юсупова,  Таш-Көмүр шаарындагы №4 мектеп-гимназиясынын окуу бөлүмүнүң башчысы Н.К.Алтынбаева, Жалал-Абад шаарындагы Р. Азимов атындагы орто мектебинин директору Э.А. Кушубакова, ушул эле шаардагы №4, №21, №17 орто метептеринин  окуу бөлүмүнүн башчылары, башталгыч класстарынын мугалимдери катышты. Алар Башталгыч билим берүүнүн методикасы жана педагогика багытындагы адистиктер үчүн заман талабына ылайык иштелип чыккан Билим берүү программасындагы маселелерге токтолушту жана бүгүнкү күндөгү бүтүрүп барып иштеп жаткан адистер боюнча актуалдуу бир топ аткарылуучу жумуштардын үстүндө талкуу жүргүзүшүп, методикалык-теориялык жактан дагы издене турган жактар бар экендигине токтолушту.