AVN







АДАБИЙ ОКУУГА ҮЙРӨТҮҮ МЕТОДИКАСЫНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ

АДАБИЙ ОКУУГА ҮЙРӨТҮҮ МЕТОДИКАСЫНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ
 Jan 14, 2022  568

Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сайипжамал Сакиева Кыргыз-Өзбек  Эл аралык университетинин гуманитардык факультетинин педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы адистигинде окуган 3-4-курстардын (күндузгү, бакалавр)  студенттерине, магистрлерине   “Адабий окууга үйрөтүү методикасынын көйгөйлөрү” деген темада конок лекция окуду. Лектор студенттерге башталгыч класста адабий окууга үйрөтүүдөгү окуу көндүмдөрүнүн калыптанышы, алар менен иштөөнүн формаларына жана методдоруна анализ жасады. Окуу көндүмүнүн окуу процессиндеги орду, аларды кенже мектеп жашындагы балдарга үйрөтүүнүн көйгөйлөрү чечмеленди. Окуу көндүмүн калыптандыруудагы кыргыз окумуштууларынын эмгектери жөнүндө ( Н.Ишекеев, А.Муратов, С.Рысбаев, А.Токтомаметов, Б.Абдухамидова ж.б.у.с.) маалымат берилди. Окуу көндүмүнүн бакалавр жана магистрлерди даярдоо боюнча түзүлгөн окуу пландарындагы сааттар, аларды курстар боюнча бөлүштүрүү (ЖАМУнун мисалында), ал дисциплиналарды окуп-үйрөнүүгө карата түзүлгөн негизги билим берүүчү программасы жөнүндө да талдоо жүргүзүлдү. Лекциянын мазмуну боюнча студенттерден жана магистранттардан суроолор берилип, талкууланды.

  • АДАБИЙ ОКУУГА ҮЙРӨТҮҮ МЕТОДИКАСЫНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ
  • АДАБИЙ ОКУУГА ҮЙРӨТҮҮ МЕТОДИКАСЫНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ
  • АДАБИЙ ОКУУГА ҮЙРӨТҮҮ МЕТОДИКАСЫНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ