ТОГУЗ КОРГООЛ ЖАНА ШАХМАТ БОЮНЧА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ТАНДАЛДЫ
Jan 13, 2022 430
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлери арасында өтүп жаткан “Ден соолук-2022” аталышындагы спартакиаданын алкагында тогуз коргоол жана шахмат оюну боюнча жеңүүчүлөр тандалды. Бул тууралуу “Ден соолук” борборунун директору Нийзам Абдурахимов билдирди.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча тогуз коргоолдон эркектер арысында I-орунду медицина факультети, II-орунду - педагогика жана маалымат технологиялар факультети, III-орунду болсо табигый техникалык факультети ээлеген. Ал эми, айымдар арасында табигый техникалык факультетинин эжейлери I-орунду, филология факультети II-орунду, педагогика жана маалымат технологиялар факультети III-орунду багындырган.
Шахмат оюну боюнча жыйынтык: (мырзалар арасында)
I-орунду - МФ (Медицина факультети)
II -орунду - АУП (Административтик башкаруу кызматкерлери)

III-орунду - МОП (Кичи көмөк көрсөткүч кызматкерлери)
Шахмат оюну боюнча жыйынтык: (айымдар арасында)
I-орунду - ПМТФ (Педагогика жана маалымат технологиялар факультети)
II -орунду - ФФ (Филология факультети)
III-орунду - МФ (Медицина факультети)