AVN







БАЛДАРГА КАМКОРДУК КЫЛУУ БААРЫБЫЗ ҮЧҮН МИЛДЕТ

БАЛДАРГА КАМКОРДУК КЫЛУУ БААРЫБЫЗ ҮЧҮН МИЛДЕТ
 Jan 11, 2022  412

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, педагогика жана маалымат технологиялар факультеттинин студенттери Жалал-Абад шаарындагы “Ак-жол” реабилитация  борборунда болушту. Бул тууралуу БАС кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент Сапарбек Ажыкулов билдирди.

Анын айтымында башкаруунун автоматташтырылган системалары кафедрасынын студенттери жана окутуучулар  жамааты кичинекей балдарды жана тарбиячыларды жаңы жылы менен куттуктап аларга майрамдык белектерди тартуулашкан. Сапарбек Ажыкулов, - “Бул иш-чаранын максаты балдарга көрсөтүлгөн камкордук аркылуу студенттерди мээримдүүлүккө, боорукердикке тарбиялоо болуп саналат. Мындай иш-чаралар мындан ары да улантылат ”-дейт.

Эске салсак "Ак-Жол" балдар реабилитация  борборунда жалпы 17 бала тарбияланат.

  • БАЛДАРГА КАМКОРДУК КЫЛУУ БААРЫБЫЗ ҮЧҮН МИЛДЕТ
  • БАЛДАРГА КАМКОРДУК КЫЛУУ БААРЫБЫЗ ҮЧҮН МИЛДЕТ