AVN







КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
 Jan 7, 2022  456

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан 2021-жылдын 29-декабрында 4-курстун студенттеринин кесиптик-профилдик практикасынын жыйынтыгы боюнча конференция болуп өттү. Конференцияга ЖАМУнун өндүруштүк практика жана карьера бөлүмүнүн башкы адиси Нурия Жолдошалиева, англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, фил.и.к., доцент Айша Калмуратова, кафедранын окутуучулары жана 4-курстун студенттери катышты. Анда бөлүнгөн практика жетекчилер студенттердин кесиптик-профилдик практикасы боюнча отчетторун угуп, талап кылынган документтерин кабыл алышты жана баалашты. Жыйындын жүрүшүндө студенттер практика учурундагы кызыктуу сүрөт жана видеолор менен даярдалган роликтерди көрсөтүштү.