AVN







КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭНЕРГЕТИКАСЫ XXI КЫЛЫМДА: КЕЛЕЧЕКТҮҮ БАГЫТТАР АТАЛЫШЫНДА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭНЕРГЕТИКАСЫ XXI КЫЛЫМДА: КЕЛЕЧЕКТҮҮ БАГЫТТАР АТАЛЫШЫНДА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ
 Dec 29, 2021  396

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин электроэнергетика жана механика кафедрасында 22-декабрь энергетика күнүнө арналган «Кыргызстандын энергетикасы XXI кылымда: келечектүү багыттары» аттуу тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столго азыркы аккредитациянын талабына ылайык стейкхолдерлердин бири болгон иш берүүчүлөр чакрылыган. ЖАЖЧЭТ ишканасынын директору Эмилбек Ысманов,  Жалалабатэлектро ААКнун генералдык  директору Азамат Паизов жана башкы инженерлери келип катышты.

Иш чара кафедрада уюштурулган көргөзмөнү көрүү менен башталды. Ага альтернативдик булактар боюнча жаңы макеттер коюулду. Ал эле эмес, “Биз сыймыктанган бүтүрүүчү” аттуу стенд жасалды.

Тегерек столдо Кыргызстан бүгүнкү күндө региондогу гидроэнергетика рыногунда таанылган лидерлердин бири гана эмес, кайра жаралуучу энергия булактары боюнча да жогорку потенциалга ээ. Азыркы учурдагы биздин милдет – жаңы, экологиялык жактан таза технологияларды түзүү, о.э. энергоэффективдүү орнотмолорду  колдонуу, анын негизинде биз күндүн энергиясын, чакан дарыялардын жана суу агымдарынын энергиясын, шамалдын энергиясын, геотермалдык суулардын энергиясын жана биомасса энергиясын пайдаланууну жайылтууга көмөк көрсөтүү болуп саналат деген ой уюштуручулар тарабынан айтылды. Ал эми, кафедранын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан энергоэффективдүү орнотмолор тууралуу баяндамалар  окулду: А.Аширалев, А.Ж.Досбаев, К.А.Кокумбаева.     

Талкуу жогорку деңгээлде болду. Студенттер, окутуучулар активдүү катышышты. Суроолорго жооп берүү менен акырында иш берүүчүлөр өздөрүнүн оң маанидеги ой-пикирлери менен бөлүштү.

Резолюция кабыл алынды:

1.Өндүрүштөгү көйгөй менен кафедранын илим изилдөө иштерин айкалыштыруу боюнча иш алып баруу күчөтүлсүн!;

2. Окуу процесси боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча кызматташуу  улантылсын!

Тегер столдун жүрүшү андан ары студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен уланды. Соңунда 22-декабрь энергетиктердин күнүнө карата  окуу жайдын ректорунун буйругу менен ЖАЖЧЭТ, “Жалалабатэлектро” ААКда эмгектенген энергетиктер кызматташтык үчүн ЖАМУнун “Ардак грамотасы” менен сыйланды.

 

 

  • КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭНЕРГЕТИКАСЫ XXI КЫЛЫМДА: КЕЛЕЧЕКТҮҮ БАГЫТТАР АТАЛЫШЫНДА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ
  • КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭНЕРГЕТИКАСЫ XXI КЫЛЫМДА: КЕЛЕЧЕКТҮҮ БАГЫТТАР АТАЛЫШЫНДА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ
  • КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭНЕРГЕТИКАСЫ XXI КЫЛЫМДА: КЕЛЕЧЕКТҮҮ БАГЫТТАР АТАЛЫШЫНДА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ