AVN







МАГИСТРАНТТАРГА НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТУУРАЛУУ КЕҢИРИ МААЛЫМАТТАР БЕРИЛДИ

МАГИСТРАНТТАРГА НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТУУРАЛУУ КЕҢИРИ МААЛЫМАТТАР БЕРИЛДИ
 Dec 29, 2021  390

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы ф.и.к. А. Кадырова жетектеген жамаат ФББ КТ(маг)-20 тайпасынын магистранттары менен жолугушту. Анда магистранттарга негизги билим берүү программасы тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Бул тууралуу кафедрадан билдиришти.

 Анда, ФББ КТ(маг)-20 тайпасында беш магистрант билим алып жаткандыгы алар жолугушууда негизги билим берүү программасы боюнча өздөрүнүн пикирлерин билдирип, сунуштарын айткандыгы жазылган.

Аталган кафедранын башчысы ф.и.к. Анара Кадырова,-“Кыргыз тили жана адабияты багыты боюнча негизги билим берүү программасына жана окуу процессинин жүрүшүнө, магистранттардын өндүрүштөгү атаандаштыкка туруктуулугу, иш-аракети боюнча ата-энелерден, иш берүүчүлөрдөн сурамжылоо жүргүзүлүп, анда айтылган ар бир сунуш, пикир көз жаздымда калтырылбай, эске алынып келе жатат”-деп айтты.

 

  • МАГИСТРАНТТАРГА НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТУУРАЛУУ КЕҢИРИ МААЛЫМАТТАР БЕРИЛДИ