AVN







КАЙРЫМДУУЛУК-ИНСАНДЫК ПАРЗ

КАЙРЫМДУУЛУК-ИНСАНДЫК ПАРЗ
 Dec 29, 2021  417

Жалал-Абад  колледжинин  мектепке чейинки билим берүү жана социалдык иштер  ПЦКнын окутуучулары  Айнагүл Ташматова, Айсулуу Кыргызбаева, Мейликан Кыбыраева жана Айтбү Анарбай кызы студенттер менен бирге “Кайрымдуулук инсандык парз” деген ураан менен “Ак-Жол” балдар үчүн комплекстүү реаблитациялык борборуна жана Жалал-Абад шаарындагы “Психоневрологиялык социалдык-стационардык” мекемесине барып ал жайдагы  мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан кабар алышты. Студенттер менен окутуучулар балдарга майрамдык маанай тартулоо максатында түрдүү жомок каармандарынын образын тартуулап мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кубантышты. Жаңы-жыл майрамы менен куттуктап дайындап барган белектерин беришти.

Жалал-Абад  колледжинин  мектепке чейинки билим берүү жана социалдык иштер  ПЦКнын окутуучусу  Айнагүл Ташматова,-“Биздин бул аракетибиз мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызды, балдарыбызды коомдон бөлүп карабай аларга дайым көңүл бурууга үндөө жана студенттерибизди кайрымдуу, боорукер болууга тарбиялоо”-дейт.

 

  • КАЙРЫМДУУЛУК-ИНСАНДЫК ПАРЗ
  • КАЙРЫМДУУЛУК-ИНСАНДЫК ПАРЗ
  • КАЙРЫМДУУЛУК-ИНСАНДЫК ПАРЗ
  • КАЙРЫМДУУЛУК-ИНСАНДЫК ПАРЗ
  • КАЙРЫМДУУЛУК-ИНСАНДЫК ПАРЗ