КЫРГЫЗСТАНДАГЫ 15 ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДЫН АРАСЫНАН ЖАМУнун КОМАНДАСЫ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДУ БАГЫНДЫРДЫ
Dec 29, 2021 525
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юридикалык клиникасынын жаңы түзүлгөн “Юрлига” командасы “Өз укуктарынды бил” аталышындагы республикалык квиз-оюнда байгелүү орун ээледи. Бул тууралуу аталган клиниканын жетекчиси Нурмамбет Кулушов билдирди.
Анын айтымында “Өз укуктарынды бил” аталышындагы республикалык квиз-оюнуна бардыгы болуп Кыргызстандан он беш Жогорку окуу жайдын студенттеринен түзүлгөн команда катышкан. Алар КРнын “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамы боюнча таймашып жыйынтыгында ЖАМУдан барган команда 3-орунга ээ болгон. Аларга “Раритет” китеп дүкөнүнөн 8000 (сегиз миң) сомдук китеп алуу сертификаты ыйгарылды.
Он беш окуу жайдын арасында байгелүү орунду багындырган “Юрлига” командасын окуу жайдын ректору, тех.и.д., профессор Кеңешбек Усенов кабыл алып аларды куттуктады. Студенттерге ийгилик каалап аларды даярдап алып чыккан окутуучуларга ыраазычылыгын билдирди.