AVN







“АЛТЫН ҮН” КАРОО-СЫНАГЫ БОЛДУ

“АЛТЫН ҮН” КАРОО-СЫНАГЫ БОЛДУ
 Feb 19, 2018  1136

    ЖАМУнун чоң жыйындар залында 15-февралда алтын үндүү ырчы студенттердин башын бириктирген “Алтын үн” аталышындагы кароо-сынак болуп өттү. Бул тууралуу ЖАМУнун Жаштар комитетинен билдиришти.

   Аталган сынак  Жаштар комитети тарабынан уюшулуп, катышуучулар беш номинацияга ат салышышкан. Ага жалпы 15 студент катышып, таланттарын тартуулашты.

    Комитеттин төрагасы Адилет Усеновдун айтымында, сынактын максаты жаш таланттардын талантын элге тартуулап, алардын чыгармачылыгына көмөк көрсөтүү. Ал эми бул сынакта Т. Тыныбеков атындагы филармониянын ырчылары калыстык кылышты. Белгилүү ырчы Эмил Балтагулов конкурсанттарга ийгилик каалап, чыгармачылыкта өз колдоосун көргөзөөрин баса белгиледи.

   Жыйынтыгында Жалал-Абад колледжинин студенти Бектур Юсупов жеңүүчү аталып, “Алтын үн” аталды.

  • “АЛТЫН ҮН” КАРОО-СЫНАГЫ БОЛДУ
  • “АЛТЫН ҮН” КАРОО-СЫНАГЫ БОЛДУ
  • “АЛТЫН ҮН” КАРОО-СЫНАГЫ БОЛДУ
  • “АЛТЫН ҮН” КАРОО-СЫНАГЫ БОЛДУ
  • “АЛТЫН ҮН” КАРОО-СЫНАГЫ БОЛДУ
  • “АЛТЫН ҮН” КАРОО-СЫНАГЫ БОЛДУ
  • “АЛТЫН ҮН” КАРОО-СЫНАГЫ БОЛДУ