AVN







БҮТКҮЛ РОССИЯЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯДА УЧУРДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

БҮТКҮЛ  РОССИЯЛЫК  ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯДА УЧУРДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
 Dec 27, 2021  495

Чечен мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан 2021-жылдын 20-декабрында “Эл аралык педагогикалык мыкты практикалар: тажрыйба, тобокелчилик, келечектер” аталышында Бүткүл  Россиялык  илимий-практикалык конференция уюштурулган. Ага, Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун  табигый-техникалык факультетинин химия кафедрасынын  профессордук-окутуучулар курамынан–доцент Н.Б.Арстанбекова, доценттин милдетин аткаруучу Н.А.Маматураимова, ага окутуучу М.Сатканкулова, окутуучу Г.Д. Молдошева ал эми, педагогика жана маалыматтык технологиялар факультетинин башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынан, профессор С.С.Сакиева, доцент Р. Нусуповалар онлайн форматында катышышты. Конференция иши эки багытта жүргүзүлүп, анда учурдагы билим берүүнүн маселелери талкууланды. Конференцияга Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын окуу жайларынын окумуштуулары катышышты.

 

 

  • БҮТКҮЛ  РОССИЯЛЫК  ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯДА УЧУРДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ