AVN







ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫ СТУДЕНТТЕРДИН ЖАШООСУНДА

ЧЫНГЫЗ  АЙТМАТОВДУН  ЧЫГАРМАЛАРЫ  СТУДЕНТТЕРДИН ЖАШООСУНДА
 Dec 27, 2021  731

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинде   тайпалар   арасында 12-декабрь  кыргыз элинин улуу жазуучусу Чынгыз Айтматовдун  туулган күнүнө карата  “Чынгыз Айтматовдун   чыгармалары  студенттердин  жашоосунда”  деген  аталышта бир  жумалык  иш-чара  өткөрүлүп,   жыйынтыгы  чыгарылды. Аталган колледждин тарбия иштер боюнча директордун орун басары Г.Темирбаева, - “Салтка айланган бул иш-чара студенттерди Ч.Айтматовдун чыгармаларынан тарбия алууга, бири-бирин сыйлоого, патриоттуулукка, ынтымактуулукка тарбиялоо максатында жыл сайын өткөрүлүп келет. Чынгыз Айтматовдун көрөгөчтүгү, айкөлдүгү, башкы каармандары тарыхый инсандар эмес, карапайым адамдар, адам жана жаныбарлар, согуш, сүйүү темалары, географиялык чексиздиги, миф жана реалдуу  жашоо, адеп-ахлак темасы же жан-дүйнө экологиясы, эки тилде жазган залкар жазуучу, кыргыздын жан дүйнөсүн  ачып  берген  улутман  сүрөткер, Айтматовиада дүйнөсүн жаратты, башкача айтканда кыргыз адабияты гана эмес, кыргыз театры, кино өнөрү, опера жана балет өнөрү, хореография, живопись, көркөм сүрөт өнөрү, музыка, скульптура, деги эле улуу жазуучунун чыгармаларынан таасир албаган бир да өнөр тармагы калбады. Улуттук кино дүйнөдө «кыргыз  керемети» даражасына ээ болду. Жазуучунун чыгармаларынын негизинде эле 20дан ашык көркөм фильм тартылган. Улуу таланттар Т.Океев, Б.Шамшиев, С.Чокморов, С.Күмүшалиева, Б.Кыдыкеева, К.Молдобасанов, Д.Садырбаев жана башка таланттар эң ириде Чынгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу бийиктикке чыгышты. Чынгыз Айтматов аркылуу улуттук маданият менен искусствобуз жалпы дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлдү. Чынгыз Айтматов менен биз сыймыктанышыбыш керек”- дейт.

Медициналык колледжинин студенттери бир жумалык иш-чарада өздөрүнун активдүүлүн көрсөтө алышты. Лд-1-21 тайпасы Ч.Айтматовдун өмүр жолун, чыгармачылыгын, Фарм-2-21 тайпасы “Жамила”, Фарм-1-21 тайпасы “Саманчынын жолу”, Фарм-4-20 тайпасы “Атадан калган туяк”, “Фарм-5-20 тайпасы “Делбирим”,  Фарм-3-20 тайпасы “Бугу эне”,  Фарм-1-20 тайпасы  “Акбаранын көз жашы”, Сд-1-21 тайпасы “Бетме бет”, Фарм-2-20 тайпасы “Кызыл жоолук жалжалым”, Лд-1-20 тайпасы “Кызыл алма”, Сд-1-20 тайпасы “Биринчи мугалим”  чыгармаларынан үзүндү аткарышып, өздөрүнүн таланттарыны жогорку денгээлде көрсөтүштү. Жыйынтыгында, активдүү катышкан тайпаларга, студенттерге колледждин дипломдору жана баалуу белектер берилди.

  • ЧЫНГЫЗ  АЙТМАТОВДУН  ЧЫГАРМАЛАРЫ  СТУДЕНТТЕРДИН ЖАШООСУНДА
  • ЧЫНГЫЗ  АЙТМАТОВДУН  ЧЫГАРМАЛАРЫ  СТУДЕНТТЕРДИН ЖАШООСУНДА
  • ЧЫНГЫЗ  АЙТМАТОВДУН  ЧЫГАРМАЛАРЫ  СТУДЕНТТЕРДИН ЖАШООСУНДА
  • ЧЫНГЫЗ  АЙТМАТОВДУН  ЧЫГАРМАЛАРЫ  СТУДЕНТТЕРДИН ЖАШООСУНДА
  • ЧЫНГЫЗ  АЙТМАТОВДУН  ЧЫГАРМАЛАРЫ  СТУДЕНТТЕРДИН ЖАШООСУНДА