AVN







ЖАМУнун ДОЦЕНТИ ЭЛ АРАЛЫК ОНЛАЙН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯДА

ЖАМУнун ДОЦЕНТИ ЭЛ АРАЛЫК ОНЛАЙН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯДА
 Dec 27, 2021  497

Ушул жылдын 24-декабрь күнү М.В.Ломоносовдун Ташкенттеги филиалы академик В.Б.Кудрявцевдин 85 жылдык, бөлүмдүн 15 жылдык юбилейине карата "Интеллектуальные технологии в образовании" аталышындагы Эл аралык онлайн илимий-практикалык конференция өткөрдү.

Анда  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессор Ш.М Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлжамал Токтогулова 4-секцияда  "Эволюция кыргызской культуры" аталышындагы илимий баяндама жасады. Баяндамада кыргыз маданиятынын эволюцисы жана аны изилдөөнүн актуалдуулугу, кыргыз маданиятын изилдөө бул кыргыз элинин этникалык тарыхы экендиги, маданиятты тарыхтан ажыратып кароого мүмкүн эместиги, байыркы мезгилден азыркы мезгилге чейинки өнүгүү эволюциясы, кээ бир материалдык жана руханий маданиятка таандык баалуулуктарды коргоо зарылдыгы, руханий маданиятын туу чокусу болуп саналган "Манас" эпосу тууралуу маалыматтар айтылды. Ал эле эмес, 2013-жылы 4-декабрда "Манас" эпосунун ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарына" кирүүсү, манасчы Д.Сыдыковдун 14 саат 27 минут 51 секунд Манас айтуусу жана Гиннеске катталуусуна, ушул иш-чаранын Москва шаарында уланып, беш күн беш түн Манас айтуусунун өзгөчөлүктөрүнө токтолду. Конференциянын соңунда илимий ойлор, Эл аралык деңгээлдеги илимий шериктештикти мындан ары да күчөтүү зарылдыгы айтылды.

 

  • ЖАМУнун ДОЦЕНТИ ЭЛ АРАЛЫК ОНЛАЙН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯДА