AVN

ЗАМАНЫБЫЗДЫН ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУСУ – ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ЗАМАНЫБЫЗДЫН ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУСУ – ЧЫҢГЫЗ  АЙТМАТОВ
 Dec 27, 2021  614

ЖАМУнун экономикалык – юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын ФКк – 1 - 19 тайпасында “Заманыбыздын залкар жазуучусу – Чыңгыз  Айтматов” – деген темадагы  ачык,  тарбиялык саат өткөрүлдү. Сабактын негизги максаты студенттерди мекенчилдикке, ата мекенди, элди – жерди сүйүүгө, жогорку нравалуулукка тарбиялоо болуп саналат.

            Тарбиялык сабакты тайпанын жетекчиси э.и.к., до.м.а.                                  А.Т. Мамыралиева Ч. Айтматовдун өмүр таржымалы жөнүндө, анын чыгармаларынын тарбиялык мааниси жөнүндө сөз сүйлөдү.

            Сабакта студенттер тарабынан жасалган залкар жазуучу жөнүндөгү  видеолор, буклеттер коюлуп, сүрөттөр илинип, анын чыгармаларынан сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү.

            Тарбиялык саатка катышкан профессордук – окутуучулар курамы сабактын өтүшү боюнча өздөрүнүн ой – пикирлерин айтып өтүштү. Учурда бардык тайпаларда залкар жазуучу – Чыңгыз  Айтматов боюнча, куратордук сааттар өтүлүп жатканын кафедра башчы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов билдирди.

  • ЗАМАНЫБЫЗДЫН ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУСУ – ЧЫҢГЫЗ  АЙТМАТОВ