КЕҢЕШБЕК УСЕНОВ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ КЫЗМАТЫНА БЕКИТИЛДИ
Dec 27, 2021 358
Техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору кызматына бекитилди.
Тиешелүү буйрукка билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов кол койду.
Министрдин буйругун жамаатка министрликтин Жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова тааныштырды. Гүлмира Абылкасымова ректорду кайрадан кызматка киришкенине байланыштуу куттуктады.