AVN







КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНДА АЧЫК САБАКТАР УЛАНУУДА

КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНДА АЧЫК САБАКТАР УЛАНУУДА
 Dec 24, 2021  481

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Жалилова Нуржана Кадыровна тарабынан 23-декабрь күнү ПМТФнын ФМББи-1-21 (информатика адистиги) тайпасына «Төл жана бөтөн сөздөр, анын түрлөрү» деген темада ачык сабак өтүлдү. Сабакка филология факультетинин окуу-усулдук кеӊешинин төрайымы Г.Жороева, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы ф.и.к., доцент А.Кадырова, ага окутуучу А.Шерипбаев, окутуучулар Б.Гадаева, З.Сүйүнбаева, Г.Маматова жана практикант А.Осмонбековалар катышышып, соӊунда өз ой-пикирлерин билдиришти жана сабак «эӊ жакшы» деп бааланды.

Студенттер сабакта төл сөздөр менен бөтөн сөздөрдүн жазылышын, тыныш белгилерин туура коюуну жана тике сөздөрдү кыйыр бөтөн сөздөргө айландыруунун жолдорун өздөштүрүштү. Текст менен иштөөдө жупта, топто иштешип, бир канча интерактивдүү усулдар пайдаланылып, өтүлгөн сабакты бышыктоо үчүн тесттик жумуштар аткарылды.

Артыкчылык катары көнүгүү жумуштарын аткарууда ПМТФнын ичинде илинген учкул сөздөр, афоризмдер колдонулгандыгын, сабактын материалдары компьютер аркылуу берилгендигин жана тандалып алынган лексикалык тема алардын адистигине түздөн-түз тиешелүү экендигин айтсак болот – деп билдирди кафедранын окуу-усулдук иштери боюнча жооптуусу А.Р.Шерипбаев.  

  • КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНДА АЧЫК САБАКТАР УЛАНУУДА
  • КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНДА АЧЫК САБАКТАР УЛАНУУДА
  • КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНДА АЧЫК САБАКТАР УЛАНУУДА
  • КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНДА АЧЫК САБАКТАР УЛАНУУДА