AVN







БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АДИСТИГИ БОЮНЧА АДАПТАЦИЯЛЫК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АДИСТИГИ БОЮНЧА АДАПТАЦИЯЛЫК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
 Dec 22, 2021  447

2021-жылдын 10-декабрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасында адаптациялык-педагогикалык (мектеп күнү) практиканын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференциянын жүрүшүндө  БББТМ кафедрасынын башчысы п.и.д., профессор С.С.Сакиева жана ЖАМУнун Практика жана карьера бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н.С.Жолдошалиевалар сөз сүйлөп, алар практиканын жүрүшүндө студент-практиканттардын практикага катышуу-жетишүүсү методисттер тарабынан үзгүлтүксүз көзөмөлдөнүп келгендигин жана практика ийгиликтүү жыйынтыкталгандыгын айтып өтүштү. Практиканын жүрүшү боюнча кафедранын практика жетекчиси Н.Ш.Мокуева сөзгө чыгып, ал өз сөзүндө П-1-18, По-1-18 тайпалары (4-курстар) 2021-2022-окуу жылынын окуу графигине ылайык 2021-жылдын 15-ноябрынан 4-декабрына чейин адаптациялык-педагогикалык (мектеп күнү) практикада Жалал-Абад шаарындагы мектептерде болушкандыгын,  практиканттардын практикага чыгуу алдындагы уюштуруу конференциясы ийгиликтүү өткөрүлгөндүгүн баса белгилеп кетти. Практикант-студенттер сабактардан айрым фрагменттерди көрсөтүштү. Жалпысынан практика максатына жетип, бул практикада студенттер өз кесибине ылайык тиешелүү тажрыйбаларды топтой алышкандыгын белгилеп кетишкен методисттер Нусупова Р., Төрөбекова А., Шишкараева А., Раимкул кызы, А. Акматовдор кезектеги базалык жана кесиптик практикага жакшы өбөлгө түзүлгөндүгүн айтып кетишти. Конференция өз ишин ийгиликтүү аяктады деп билдирди БББТМ кафедрасынан, Мокуева Н.Ш.

 

  • БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АДИСТИГИ БОЮНЧА АДАПТАЦИЯЛЫК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АДИСТИГИ БОЮНЧА АДАПТАЦИЯЛЫК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АДИСТИГИ БОЮНЧА АДАПТАЦИЯЛЫК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АДИСТИГИ БОЮНЧА АДАПТАЦИЯЛЫК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ