AVN







ДОЛБООРЛОР МЕНЕН ИШТӨӨ УЧУРУ КЕЛДИ

ДОЛБООРЛОР МЕНЕН ИШТӨӨ УЧУРУ КЕЛДИ
 Feb 16, 2018  1152

ЖАМУнун коммерциялык эмес ресурстук борборунда 15-февралда “Жаштар  үчүн жеке кичи гранттар” аттуу семинар өткөрүлдү.  Ресурстук борбордун адистери тарабынан откөрүлүп, ага Экономикалык-юридикалык факултеттин 1-2- курстарынын студенттери катышып, долбоорлор боюнча кеңири маалыматтарга ээ болушту.

  Борбордун координатору Лира Момуналиева Сорос фонду 2018- жылы Жаштар демилгесин колдоо фондуна сынак жарыялаганын кабарлап, жаштарды катышууга үндөдү. Силердин адистигиңер долбоорлон менен иштөөгө ыңгайлашкан кесип. Андыктан билим алуу менен катар келечегиңерди түптөп, ар кандай сынактарга катышып тажрыйба топтой бергиле. Ал албетте, кийинки жашооңорго оң таасирин берет деп кошумчалады ал.

   Белгилей кетсек аталган факултеттин студенттери ар кандай долбоорлорго катышып, айрымдары ийгиликтерди жаратууда.

  • ДОЛБООРЛОР МЕНЕН ИШТӨӨ УЧУРУ КЕЛДИ