AVN







МАГИСТРАТУРА БОЮНЧА БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

МАГИСТРАТУРА БОЮНЧА БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
 Dec 22, 2021  429

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы филол.и.к., доцент Айша Калмуратова "Магистратура боюнча билим берүү программасын ЖОЖдор аралык талкуулоо" деген темада вебинардык семинар өттү.

Семинарда К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин, Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнун жана Заманбап Эл аралык университетинин, Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун магистратура бөлүм башчылары жана программа жетекчилери, окутуучу курамы жана магистранттардын катышуусунда ББПсы боюнча кызуу талкуу жүрдү. Практиканын түрлөрү, тандоо курстары жана илим-изилдөө иштерин жүргүзүүдөгү убакыт ченемдери жана мамлекеттик аттестация, магистрдик диссертациянын аткарылышы жана корголушу тууралуу маселелер талкууланып, ой-пикирлер, сунуштар айтылды.