AVN







ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН МЫКТЫ ЭНЕРГЕТИКТЕРИ ТАЙМАШЫШТЫ

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН МЫКТЫ ЭНЕРГЕТИКТЕРИ ТАЙМАШЫШТЫ
 Dec 22, 2021  396

Жалал-Абад колледжинде табигый-техникалык бөлүмүнүн энергетика ПЦКсында  22-декабрь «Энергетиктер» күнүнүн урматына электр менен камсыздоо, электр станциялары, тармактар жана системалар адистиктеринин бүтүрүүчү тайпаларынын арасында «Кана эмесе энергетиктер !» кароо-сынагы болуп өттү.

 

Таймашты баалоо үчүн өндүрүштөн Жалал-Абадэлектро ААКнун пландоо бөлүмүнүн жетекчиси Аскар Сооронбаев, Жалал-Абадэлектро ААКнун капиталдык оңдоп-түзөө бөлүмүнүн жетекчиси Кубаныч Раимахунов ошондой эле Жалал-Абадэлектро ААКнун изоляциялоо бөлүмүнүн инженери Канатбек Жусупов чакырылды жана Жалал-Абад колледжинин окуу иштери боюнча директордун орун басары Абубакир Маматумаров, Жалал-Абад колледжинин өндүрүштүк практика боюнча директордун орун басары Үлпат Кайкиева, Жалал-Абад колледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Низамидин Калдарбекович, табигый-техникалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Кочкорбаевдер калыстар тобунда болушту.

Кароо-сынак студенттер арасында достукту, ынтымакты чыңдоо, кесипке кызыктыруу, шыктуу студенттерди эл алдына алып чыгуу максатында өткөрүлдү – дейт энергетика ПЦКсынын практика жетекчиси Гулмайрам Алимбаева.

Анда, студенттер электр менен камсыздоо жана электр станциялар, тармактар жана системалар адистиктери арасында түзүлгөн топтор таймашты. Программа бонча саламдашуу, адистик боюнча бөлүнгөн обьекттердин 1айлык сарпталган электроэнергиясын эсептешип, кубаттуулугун табышты. Ошондой эле үйдү электромонтаждоо   тапшырмаларын аткарышып, ыр, бий конкурсу менен жыйынтыкташты.

Соңунда ЭСк-2-19 тайпасынын “Биримдик” командасы жеңүүчү деп баланып I-даражадагы диплом, ЭССк-2-19 тайпасынын “Чагылган” командасы II-даражадагы диплом менен сыйланышты. Мындан сырткары колледж тарабынан өндүрүштөн келген конокторго ыраазычылык каттар берилди.

  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН МЫКТЫ ЭНЕРГЕТИКТЕРИ ТАЙМАШЫШТЫ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН МЫКТЫ ЭНЕРГЕТИКТЕРИ ТАЙМАШЫШТЫ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН МЫКТЫ ЭНЕРГЕТИКТЕРИ ТАЙМАШЫШТЫ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН МЫКТЫ ЭНЕРГЕТИКТЕРИ ТАЙМАШЫШТЫ