AVN

Б. ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ РЕКТОРДУ ШАЙЛОО БОЛУП ӨТТҮ

Б. ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ  РЕКТОРДУ ШАЙЛОО БОЛУП ӨТТҮ
 Dec 21, 2021  1279

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректорлук кызмат ордуна талапкерлерди шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги №209 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоо тартиби жөнүндөгү” жобосуна жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 1-мартындагы №220/1 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоосун өткөрүү регламентинин” талаптарына ылайык бүгүн ректорду шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу ректорлук кызмат ордуна талапкерлерди шайлоо боюнча уюштуруу комитети билдирди.   

Ректорлук кызматка бардыгы болуп 6 (алты) талапкер катышмак болгон. Алардын ичинен Белеков Таалайбек Эсенбаевич (16.12.21),  Ажыбаева Замира Абдыкалыковнанын (20.12.21) талапкерлигин алуу боюнча өз арыздары менен уюштуруу комитетине кайрылышкан. Натыйжада аталган кызмат орунга 4 (төрт) талапкер ат салышты. Алар Авазов Эрнис Абдыманапович - Б.Осмонов атындагы ЖАМУда доцент, тарых илимдеринин кандидаты. Кадыркулов Адылбек Козубекович - ОшТУда доцент, техника илимдеринин кандидаты. Усенов Кеңешбек Жумабекович - Б.Осмонов атындагы ЖАМУда профессор, техника илимдеринин доктору. Эрназарова Бактыгүл Кочкорбаевна - Б.Осмонов атындагы ЖАМУда доцент, химия илимдеринин кандидаты.

Малыматка караганда тизме боюнча бекитилген шайлоочулардын жалпы саны - 449 (төрт жүз кырк тогуз). Каттоодон өткөндөрү 433 (төрт жүз отуз үч). 16 шайлоочу түрдүү себептер менен шайлоого катышкан эмес. Добуш берүүнүн жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

К.Ж. Усенов-334  (үч жүз отуз төрт);

Э.А. Авазов -65 (алтымыш беш);

Б.К.Эрназарова -33 (отуз үч);

А.К.Кадыркулов -0 болгондугу белгиленди.

Шайлоого катышкан жалпы шайлоочулардын 77% добушуна ээ болгондуктан т.и.д., профессор Усенов Кеңешбек Жумабековичти Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректорлук кызматына дайындап берүү жагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине сунушталды.

  • Б. ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ  РЕКТОРДУ ШАЙЛОО БОЛУП ӨТТҮ