МАГИСТРАНТТАР ИЛИМИЙ - ПЕДАГОГИКАЛЫК ЖАНА ИЛИМИЙ - ИЗИЛДӨӨ ПРАКТИКАЛАРЫН АЯКТАДЫ
Dec 18, 2021 435
2021- жылдын 11- декабрында ФФнын МагКт-20 тайпасынын магистранттарынын илимий - педагогикалык жана илимий - изилдөө практикаларынын жыйынтыгы боюнча онлайн режимде конференция өткөрүлдү. Маалыматты кафедранын улуу окутуучусу Гулбайра Ашимбаева билдирди.
Анда магистранттар практика учурундагы иш аракеттери тууралуу маалымат беришти. Кафедрадан дайындалган илимий жетекчилер да сөзгө чыгышып, магистранттардын практика мезгилиндеги ишмердүүлүгүнө баа беришти. МагКт-20 тайпасынын 7 магистранты окуу планына ылайык 2021-жылдын 20-сентябрынан 5 - ноябрга чейин илимий- педагогикалык, 8-ноябрдан 4 - декабрга чейин илимий - изилдөө практикасына жиберилген.
Талапка ылайык магистранттар илимий - педагогикалык практиканы азыркы учурда өздөрү иштеп жаткан билим берүү мекемелеринде, ал эми илимий - изилдөө практикасын Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасында өтөштү.